Кара деңиздеги кой кыргыны

Кара деңизде 14 миң кой өлдү. Кырсык кечээ, 24-ноябрда Кара деңизде жайгашкан румыниялык Мидия портунда болгон. Анда "Queen Hind" мал жүктөп бара жаткан кеме белгисиз себептерден улам сууга чөгө баштаган. Атайын тосмонун ичине бекитилген 14 миң 600 койдун дээрлик баары өлүп, саналуу бөлүгүн деңизден алып чыгууга араң үлгүрүшкөн. Бактыга жараша кемедеги 22 Сириянын жараны куткарылып, бирөөсү ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери, өрт өчүрүү жана жээктин кароолдору тартылган.

Кеме Палау желегинин алдында Бириккен Араб эмирлигиндеги Жедда портуна багыт алып бара жаткан.

Кара деңиздеги кой кыргыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан