АКШнын Нью-Жерси штатында дарыгерлер адашып, башка бирөөнүн бөйрөгүн алмаштырып коюшкан. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
18-ноябрь күнү дарыгерлер 51 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып, операция ийгиликтүү өткөн. Бирок кийинчерээк дарыгерлер адашып башка адамга операция жасаганын билишкен. Эки бейтап тең бир куракта, аты-жөнү окшош болгондуктан, дарыгерлер кезеги келе элек бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып коюшкан. Кетирген катачылыгы тууралуу дарыгерлер өздөрү Нью-Жерси штатынын Саламаттыкты сактоо министрлигине билдиришкен. Алар берген маалыматка ылайык, көп өтпөй экинчи бейтаптын бөйрөгү да ийгиликтүү алмаштырылган.