"Мадина" кафесинин ээси делинген Хуфур Абдурахеман менен "Манас" аэропортунда унаадан жансыз денеси табылган жарандын Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитинин байланышы бар же жогу аныкталууда. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
"Биз учурда бардык версиялар менен карап, иликтеп жатабыз. Азыр тергөө жүрүп жаткандыктан, байланышы бар же жок деп кесе айта албайбыз", - деди ал.
Ошондой эле байланышы бар деп айтылган маалымат боюнча дагы иликтейбиз деп кошумчалады.
Ал эми ИИМдин тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сыргак Айткурманов Хуфур Абдурахеман менен Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитинин байланышы бар экени тууралуу учурда маалымат жок экенин билдирди.