Түркиялык басылмалар Стамбулда атып өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү тууралуу жаңы версияларды жазып чыгышты. Түркиялык "Сабах" гезитинин берген маалыматына ылайык, өлтүрүүгө шектелип кармалган Хусейин Ахметалиев жана Абдуллах Энвер (ред. түркиялык басылмалар аларды Кыргыз жарандары деп көрсөтүүдө) сурак учурунда 1 миллион 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүшкөнүн айткан.
Ал эми Е24 сайты жалданма өлтүргүчтөрдүн "кызматы" 1000 долларга бааланганын маалымдаган. Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдүн Сириядагы чырлуу аймак менен байланышы бар экендиги, алар "Аль-Нусра" тобунун Идлибде согушкан чет элдик согушкерлеринен болгондугу айтылган.
Макаланын аягында Ахметалиев менен Энвердин 2017-2018-жылдары Сирия тараптан Түркиянын аймагына киргендигин аныктаган документтердин сүрөтүн тиркешкен.