Биз социалдык тармакта

Бишкектин №69 мектеби "Конфуцийдин дүйнөдөгү эң мыкты классы" аталды

9-декабрда Кытайдын Чанша шаарында кытай билими боюнча эл аралык конференция болуп өткөн. Анда №69 мектеп "Конфуцийдин дүйнөдөгү эң мыкты классы" аталды.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн 162 өлкөсүндө Конфуцийдин 550 институту, 1172 мектеби жана класстары бар. Бишкектеги №69 орто мектепте Конфуций классы 2011-жылы ачылган. Ал Борбор Азияда ачылган алгачкы Конфуций классы болуп саналат. Аталган класста окуучуларга активдүү түрдө кытай сабагы өтүлүп, мектептин окуу программасында милдеттүү ийрим катары эсептелет. Кытайда өткөн иш-чарага мектеп директору Сайрагүл Атаева катышып, сыйлыкка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан