Чет өлкөдө иштөөнү көздөгөн Кыргыз жарандары эмне себептен Түркияда иштөөнү тандашат? Анталиянын 5 жылдыздуу отелдерине биздин мекендештер кантип кирип иштесе болот? Чет жакка иштегени барарда аферисттердин колуна түшүп калбоонун жолдору. Бул жана башка актуалдуу суроолорго "Рамай саякат" агенттигинин негиздөөчүлөрү жооп берет.
Ошондой эле сезон маалында иш менен ийгиликтүү камсыз болуп, эми кайрадан кетүүнү көздөп жаткан кыргыз мигранттарынын ой-пикирин кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 12-декабрь күнү саат 11:00дө боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.
Катышуучулар:
Миргүл Көчөрбаева, "Рамай саякат" агенттигинин негиздөөчүсү;
Бейшенбек Аскаров, "Рамай саякат" агенттигинин негиздөөчүсү;
Наристе Рамисова, "Рамай саякат" агенттигинин менеджери;
Бактыбек Кожобеков, "Рамай саякат" агенттигинин жардамы менен Түркияга барып иштеп келген;
Мадина Залыбекова, "Рамай саякат" агенттигинин жардамы менен Түркияга барып иштеп келген.
Тел: 0770 88 26 00; 0770 88 27 75
Адрес: Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти 381 ("Эльдорадо" соода борборунун 2-кабаты)