Биз социалдык тармакта

Ноокатта оюндан кийин чырдаша кеткен айылдаштардын иши териштирилүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда чырдаша кеткен айыл тургундарынын окуясы териштирилүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Ноокат РИИБине аталган райондун Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз атчан адамдар бейбаштык аракеттери менен жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айнектерин талкалап, жарандардын денесине жаракат келтиргени боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жетип барып, атчандарды таркатышып, жарандардан түшкөн арыздарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

"Тергөө иштеринде бир күн мурда Жаңы-Ноокат айылынын борборунда айыл жаштарынын ортосунда футбол мелдеши өткөрүлгөн. Футбол ойногон учурда түшүнбөстүктөр келип чыккан. Учурда чыр чыгарганга себепчи болгон жарандарды кармап келип териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул окуя боюнча жалпысынан 5 арыз түшкөн. Арыз ээлери автоунаасына материалдык зыян келтиргендиги жана денесине жарат алгандыгы боюнча кайрылышкан. Чырдашкан тараптар баары бир улуттун өкүлдөрү. Тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asylym77
2019-12-12 15:23:15
Туугандар окшойт
0
elmira.
2019-12-12 15:35:59
Айтылган жерде озбек туугандар жашайт эле
0
aiba.8327
2019-12-12 15:55:04
Негизи туштук жактагы уй жайдын баарын эле озбектер сатып алып жатат дейт саткандар Роза айткандай Бишкеке келип жатат 100 пайыз(процент)....
-3
Sambet08
2019-12-12 18:24:02
aiba.8327,дейт деп ойлобой козун менен коруп анан кедип анан жазсан доорубой
+5
Dembele84
2019-12-13 10:54:51
aiba.8327,Жаны Ноокатта илгертен озбектер жашайт,сенин оюн детский экен.Норма ойлонуп анан жаз,жон эле туштук тарап деп болунуп кирбей!
0
rysik79
2019-12-12 22:43:59
Озуно бекмин деген тууганчиктер кутура башташты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан