Бишкектин Чүй кең көчөсүнүн айрым бөлүгү убактылуу жабылат. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан мындай ыңгайсыздык эртең, 13-декабрда саат 17:00дөн баштап орун аларын билдирди.
"Урматтуу шаар тургундары, эртең, 13-декабрда саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балатынын чырактарын жандыруу иш-чарасы өтөт. Буга байланыштуу Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү иш-чара аяктаганга чейин жабылат.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жолду тандап алуусун өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.