Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! 21-декабрдан тартып Кыргыз өлкөсүндө кар жаап, катуу суук түшөт

21-декабрь күндүзү жана 22-23-декабрларда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүүдө, көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 24-26-декабрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда түнкүсүн -20° градуска чейин суук болушу мүмкүн. Андыктан алыска жол жүрүүгө камданып жаткан айдоочулар унааларын кышкы даярдыктан өткөрүүсүн суранабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан