"Ош-Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында унаа күйүп кетти", - дейт окурман.
"18-декабрга караган түнү түнкү саат 2лер чамасында Чычкан капчыгайында унаа күйүп кетти. Анын ичинде Орусияга иштегени бараткан 10 өзбек улутундагы жигиттер бар экен. Биз жолдо баратканбыз, өрттү көрүп токтоп, жардам бердик. Балдардын айтымында, алгач унаа сасып баштаган. Баары унаадан түшкөндө күйүп кеткен. Кудай сактап, баары аман калган. Бирок унаадагы документтерибиз күйүп кетти деп кейишти", - дейт күбө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.