Биз социалдык тармакта

Бишкектин көчөлөрүнө 83 тонна техникалык туз себилди

Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Борбордук көчөлөргө техникалык туздарды чачуу иштери түн ичинде жасалат. Ал үчүн 11 атайын техника жана 10 кар тазалоочу унаа бөлүнгөн. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жол жээгине туура эмес токтотулган автоунаалар техниканын иштөөсүнө тоскоолдук болуп жатканын белгилешкен. Буга байланыштуу мэрия шаардыктардан айрыкча кар жааган күнү жол жээктерине унааларын токтотпоону суранат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Бишкекте тоңголок жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү карлардан тазалоо үчүн 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmat8921
2019-12-20 10:55:37
Аз эмеспи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан