Биз социалдык тармакта

Шахтада калган 23 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Ноокат районундагы Баглан айылындагы суу каптаган шахтанын ичинде калып калган жумушчунун жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилди дейт ӨКМнын басма сөз кызматынан.

"24-декабрь күнү Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптап, шахтанын ичинде 1996-жылы туулган К.А. аттуу жаран калып калган. Куткаруучулар тарабынан шахтадагы суу сордурулуп, издөө иштеринин натыйжасында, жумушчунун жансыз денеси саат 21:35те табылды. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди", - дейт маалымат кызматынан.

Издөө, куткаруу иштерине 11 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан