Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын күн тартибине негизги футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүү тууралуу маселе каралып жатат.
Жыйынга футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин, футболчулар Валерий Кичин жана Гүлжигит Алыкулов катышууда.
"Биз талкуу кылып жаткан футбол борбору бул биздин келечек үчүн керек. Коңшу өлкөлөрдө Өзбекстан, Тажикстан командалары жаштар арасында Дүйнө чемпиондуктарына катышууда. Жаштарга футбол борборун куруу - бул келечекте чоң турнирлерге катышуу. Эгерде мындай маселелерди азыр чечип бере албасак, анда башка чоң мелдештерге катышууну унутуп коюу керек", - деди Крестинин.