Бүгүн, 26-декабрда парламентте Бишкектеги №31 бала бакчанын шыбы кулап түшкөнү боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Чыныбай Турсунбеков аталган бала бакчанын ата-энелери кайрылып жатканын билдирди. "25-ноябрда бала бакчанын шыбы кулап түшүп, балдар бала бакчага барбай калышыптыр. Бүгүнкү күнгө чейин ушул маселе чечилбей жатат. 371 жеткинчек бала бакчага барбай, ата-энелери жумушка чыга албай жаткандарын айтышты. Алар бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасында айтып, чечип бергиле деп жатышат", - дейт Турсунбеков.