Биз социалдык тармакта

Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары колдоп, бул маселени чечүүнү шаар башчы Азиз Суракматов кармап жатабы?

Кечээ, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилке бөлүп берүү маселеси каралып, бирок аягына чыкпай калган. Бул маселени кароо бүгүн, 26-декабрда саат 11:00дө улантылат.

Шаардык кеңештин депутаттары бул маселени создуктурбай, ылдам чечүүнү колдоп жатышканы менен шаар башчы Азиз Суракматовго келгенде, бул маселенин чечилиши кармалып жатканы айтылууда. Мамлекеттик түзүмдөрдө кайсы бир маселенин чечилиши көбүнесе футбол оюнундагыдай бири-бирине топ тепмей, ага бар, буга бар сыяктуу болуп кетери белгилүү. Бирок бул маселенин чечилишинин чектелген мөөнөтү бар, андан кечиктирилсе, Кыргыз өлкөсү футбол борборусуз калышы толук ыктымал.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.

Футбол борбору үчүн жер тилкесин бөлүү кечеңдеп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ernestinio
2019-12-26 10:36:17
эн чон проектердин бири болот, жакшы жер тандашсын, жердин баарына эле эатждар тушо бермек беле
+2
Jaznura
2019-12-26 10:36:17
Тезирээк жер бөлүп бергиле. ФИФАнын грантынан куру калбайлы.
+1
Absamat-90
2019-12-26 10:37:34
Мэр кармап жатат Деген туура эмес го.
+1
chake
2019-12-26 10:47:29
бул боюнча маселе көтөрүлүп чечилген эле го
0
koturtaw
2019-12-26 23:52:47
Тезирээк чечип берсе курман раазы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан