Бүгүн, 30-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонду жана Тажикстан элин келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады, тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
Мамлекет башчылары Кыргыз-Тажик кызматташтыгынын олуттуу маселелерин талкуулашты, келечекке карата, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процессти ылдамдатуу боюнча, ачык-айкын пландарды белгилешти.