14-сентябрь күнү Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаттары Сапарали Бөрүбаев жана Шайырбек Орозалиев такталбаган жерге Тажикстан тарап шагыл түшүрүп, курулуш иштерин баштаганы боюнча кайрылуу жасаган.
Бүгүн, 16-сентябрда алар Ички иштер министрлигине сурак берүүгө чакырылып, Сапарали Бөрүбаев саат 10:00дө суракка кирсе, Шайырбек Орозалиев 15:00 чамасында суракка кирген.
Суракка чакырылган айылдык кеңештин депутаттары 18:00дө сурактан чыгышты. Бөрүбаев суралып чыккандан кийин тергөөгө байланыштуу купуялуулук сакталышы керек экенин, мындан улам сурак боюнча эч нерсе айта албасын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.
“Тергөөдөн чыктык. Тергөө амалдарын бекем сакташыбыз керек экен. Мындан улам тергөө амалдары бүткөндө маалымат бере алабыз. Өзүбүздүн жерибизди эч кимге бербестен сактап калуу аракеттерин жүргүзө беребиз. Жыйынтыктап айтканда, жер тилкебиз тажик тараптын пайдасына чечилбеши керек”, - деди ал.
Ал эми ИИМдин эшигинин алдында баласы Сапарали Бөрүбаевди күткөн атасы Жапар Бөрүбаев уулун суракка чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, төмөнкүлөргө токтолду.
“Уулум Сапарали Бөрүбаевди эртең менен массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатканын көргөм. Кийин чалсам Карамат Орозова менен унаада бара жатканын айткан. Чай даярдап баламды күтүп отурсам келген жок. Бир убакта инилерим "балаңызды ИИМ суракка чакырды” деп чалып калды. Уулум эртең менен саат 10:00дө суракка кирген экен. Андан бери 8 саат убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында эмнени сүйлөшкөнүн түшүнбөй турам. Кыргыз-Тажик чек арасында маселе чечилбей эле ырбап, тажик тарап дубал тургузуп жатат. Баламды сурашканы мыйзамсыз. Бетке айткан адамды кармай берүү туура эмес иш. Чек ара боюнча бийлик кандай чечимге барат деп күндүр-түндүр үмүт менен күтүп отурабыз", - деди ал.