
31-декабрда өлкөнүн 7 облусунда Жаңы жылга карата салтанаттуу иш-чаралар орун алды. Нарын шаарынын борбордук аянтында кечинде концерт болбогонун облустук администрациядан билдиришти.
"31-декабрда күндүз өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоосу болду. Андан кийин Нарын шаарынын, райондун тургундары үчүн Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепте концерт болду. Кечинде балатынын жанында концерттик иш-чара болгон жок. Фейерверк атылган жок. Каалоочулар аянтка келишип, балатынын жанынан сүрөткө түшүп кетишти", - дейт.