Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлерине таандык унаанын катышуусундагы жол кырсыгы. Жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык

31-декабрда Биринчи Май РИИБине таандык УАЗ унаасы менен Хонда Фит сүзүшкөнү тууралуу маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен УАЗ унаасынын эки жүргүнчүсү жаракат алган болушу мүмкүн экенин Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынан билдиришкен. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык экенин айтат.

"Кечээ, 31-декабрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен 2 кызматкер алып келинген. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык", - дейт басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан