Биз социалдык тармакта

Бир суткада медициналык тез жардам борборлоруна 759 кайрылуу түштү

31-декабрда Бишкектеги тез жардам борборлоруна 759 кайрылуу түштү. Андан сырткары, телефон аркылуу 600 адамга адистин кеңештери берилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кайрылгандардын ичинен 120 адам ар кандай диагноз менен медициналык жардам алышты. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин 5 адам каза болгон. Автокырсыктан 3 адам жаракат алса, 2 адамды унаа сүзүп кетип жаракат алышкан. 1 бейтап сабалган, дагы бир жаран бычактан жаракат алган. Ошондой эле жашаган дареги белгисиз болгон 7 адам кайрылган. Алар социалдык жайларга жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.

"Ала-Тоо" аянтында 2 бригада нөөмөттө турушту. Анда медициналык жардам сурап 1 жаран кайрылганын кошумчалады министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuba-savai87
2020-01-01 16:06:18
Башка кундору кандай болот
+1
Talant0906
2020-01-01 18:42:58
Майрамчылардын айынан Ноокенде бир милиция бычакталып өлдү түндө аны неге жазбайт эч ким?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан