31-декабрда Талас шаарынын тургундары, меймандары дагы Жаңы жылды борбордук аянтка орнотулган балатынын жанында тосушту. Майрамдык иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган программа менен коштолду.
"Майрамга болжол менен 2 жарым миңге жакын жаран келишти. Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбеков жана мэриянын жалпы жамааты тургундарды, конокторду Жаңы жылы менен куттуктады.
Мындан тышкары, 31-декабрда аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен атайын даярдалган 55 даана белек таратылып берилди", - дейт Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.