Биз социалдык тармакта

Кыргыз ССРинин Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары Канышбек Сагинбаева көз жумду

2019-жылдын 31-декабрында 83 жаш курагында Кыргыз ССРинин Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары, Социалисттик эмгектин Баатыры Канышбек Сагинбаева каза болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 31-декабрында 83 жаш курагында Кыргыз ССРинин Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары, Социалисттик эмгектин Баатыры Канышбек Сагинбаева каза болду.

Канышбек Сагинбаева 1937-жылы 7-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Аксай айылында туулган. Ал жеңил өнөр жай техникумун аяктап, өмүрүн өндүрүшкө, аны өркүндөтүүгө жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, эмгекчилердин укуктарын коргоого арнаган.

Канышбек Сагинбаева 1974-жылы Кызыл туу ордени менен сыйланган, Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган. Бир нече жолу Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү, Жогорку Совет Президиумунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1984-жылы ага эмгектеги жетишкен ийгилиги үчүн Социалисттик эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 2-январда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспектиси 127 дарегинде өтөт. Канышбек Сагинбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alia82
2020-01-02 10:34:38
Мужской ат го Канышбек, жайы жаннаттан болсун
+2
Farra16gsin
2020-01-02 11:04:43
Динара Сагинбаеванын тууганы эмеспи?
0
Aikaaaa
2020-01-02 14:11:42
Мен да адаттагыдай супер.кж туурамес жазып алды го дегем же аял, же эркек эмес деп. Көрсө аты ошондой экен го. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан