Биз социалдык тармакта

Бир жарым жылда бирдиктүү депозиттик эсебине 1 миллиард 968 миллион сом келип түштү

Бирдиктүү депозиттик эсебине 1 миллиард 968 миллион 700 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган суммадагы каражат 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейинки мезгилде түшкөн. Бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан