Бүгүн, 7-январда Бишкекте "Тазалыктын" 663 кызматкери жолдорду кар, муздан тазалады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилди. Карды тазалоого 37 атайын техника тартылды. Күндүз жана кечинде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч иштеди. Ошондой эле мэриядан тротуарлар дагы муз, кардан тынымсыз тазаланганын билдиришти.