Баткенде дагы чыр. "Ок атуулар тажик тараптан чыгып жатат" дейт Мамлекеттик чек ара кызматы

10-январга караган түнү Кыргыз-Тажик чек арасында дагы ок атышуу орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиргендей, ок атуулар тажик тараптан маал-маалы менен кайталанып жатат.

"9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде, белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Андан кийин алар Тажикстандын аймагына кире качышканы маалымдалган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, саат 01:40 чамасында Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан. Анын кесепетинен унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып жатат. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат кылып жатышат", - деп кабарлады.

Баткенде кайра чыр болду. Тажик тарап таш ыргытып, ок атты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
bratanyn
2020-01-10 08:34:26
Тажиктер менен өзбектердин эрмеги Кыргыздар болуп калды го.Эптеп бир метр болсо да алмай жылмай.Булар тик туруп жаны чыкса да бизге карай кулайт ынсапсыздар!.
+14
Jaznura
2020-01-10 09:10:31
Чек ара маселеси тез арада чечиле турган маселе эмес. Ал көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилет. Чек араны бир күндө коррупцияны жарым саатта чечип койом деген өзүн чечен санаган Мадумаровдун эмне кылганын баарыбыз эле жакшы билебиз. Чек ара чечүү жолун ал такталбаган аймакты кошуна мамлекетке берүү деп билет. каркыраны берип жиберген сыяктуу.
-14
chake
2020-01-10 09:14:56
Адахан сулуу создоруң менен элди азгырбай Тажиктерге берген жерди кайтар
-5
asad9
2020-01-10 09:27:24
Митингке чыккан эч ким жок го? Боз ұй тигип жолду тосуп ачкачылык жарыялагандар кана? Жерди басып алып жатса чыкпайсыңарбы ушундайда. Сокеге таң калам бул жакта жерди басып алып жатса мындан башка кайсы маанилұұ ишти бұтурұп жұрөт. Чек ара маселесин чечпейсинерби жөнөгұлө тезирээк калп эле какылдай бербей
+8
AksyKum
2020-01-10 09:29:25
asad9,сени Ким кармап турат чык кыйын болсон боз уй тигип ачкачылык жарыялап
-4
Dembele84
2020-01-10 09:44:27
Только тажик тараптар атып жатат,бизге атса эч нерсе эмес,все равно абал туруктуу деп койгула
+5
Altyn.bala
2020-01-10 10:07:21
Чынын айтканда Атамбаевтин убагында чек арада чыр чыкканда биздикилер устомдук кылып турган.Азыр болсо Соке барды эмнени чечип келди?Президент мындай кылыш керек экенин белгиледи,мындай болушу керегин айтты деген эле создор.Эмне иш кылып атат деги.Соке келгенден бери башыбыз ылдый болуп бутту коншуларга.
+1
Mamiev
2020-01-10 20:08:15
Altyn.bala,Туура айтасың. Атамбаевди тантырап сүйлөй берет деп элибиз жаман көрчү бирок ал эркекче сүйлөчү тарс тарс айтчы. Азыр Жээнбеков эзилгени эзилген. Мадумаров эле дейсинер ал деле кыйратпайт. Убагында бийликте турганда иштебеген эми кыйратмак беле. Мадумаровдун айланасы өзбектер.
+1
Alimbek1000
2020-01-10 10:27:09
Мадумаров каяктасың?
-3
BarsBaatyr
2020-01-10 10:39:28
Alimbek1000,а сен каяктасың? Башыңа сенин...
+4
Aimani
2020-01-10 11:05:30
Alimbek1000,Мадумаров ким ал? Азыркы президенттин келгенине уч жыл болду. Эмнени чечти? Эмамолини Ысык-Көлго чакырып коноктоп узатып койду. Эмне деп суйлошконун ким билет. Андан бери тажиктер менен чыр кучогондон кучоп жатат.
+3
Kalnazarov89
2020-01-10 13:34:17
Ок атуу таажик тараптан Гана атылып атат дебей и, силер да айткыла да
+3
KG.Kushtarbek
2020-01-10 14:09:11
Эх Тажиктер качан тушунуп адам болот а
0
Tolik777
2020-01-10 14:26:24
Сокени Баткенге кочуруш керек, 120 чимкирикти кошуп
+4
Migrant-rf
2020-01-10 18:53:46
Үчүнчү тараптын провакациясы, главный орто азия элин бириктирбей, ит-мышык кылып ойнотуш. Үчүнчү күч албетте рф.
-1
Munar_6052
2020-01-10 20:30:21
Тажиктин президенти ушундай приказ берип жатса керек өз элине, илеше берсеңер өздөрү жерин таштап кетишет деп
+1
akmanai
2020-01-10 23:12:29
Мага да учунчу кучтор эки тарапты жип менен башкарган жиптей ойнотуп жаткандай сезилип жатат. Же бийликтин алсыз жагын ашкерелегиси келип жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан