Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 13-17-майына чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганын өкмөттөн билдиришти.
Анда тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашышкан.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнү кабарланды.