Президент Сооронбай Жээнбеков Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынат. Өкмөт уюштуруу комитетин түзүп, республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнүшү керек. Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.