Кыргыз-Тажик чек арасындагы жагдайды турукташтыруу боюнча делегациялардын жолугушуусу аяктады

Бүгүн, 10-январда Баткен районунун Көчө-Бою жергесинде Кыргыз-Тажик чек арасындагы жагдайды турукташтыруу боюнча делегациялардын жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө Кыргыз-Тажик чек ара өкүлчүлүктөрү ошондой эле эки өлкөнүн облустук администрацияларынын, ички иштер министрликтеринин жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү катышты. "Жолугушуу учурунда тараптар бардык көйгөйлүү маселелер боюнча позициялары дал келерин жана аларды чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча такталбаган жана көйгөйлүү болгон тилкелерде тараптардын чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттары аныкталды жана макулдашылды. Ошондой эле тараптар чек арага жакын аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Тараптардын укук коргоо органдары чек арага жакын аймактарда жана биргелешип кайгуул жүргүзгөн багыттарда коомдук тартиптин сакталышын камсыздашууда. Учурда чек ара тилкесинде жагдай туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

Баткенде кайра чыр болду. Тажик тарап таш ыргытып, ок атты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nazar76
2020-01-10 19:30:44
Ар жанжал болгондо эле делегациялар жолугушасынар Бирок эч жыйынтык жок
0
Absamat-90
2020-01-10 21:45:49
Nazar76,чек ара арыдан бери чечиле турган иш эмес. Дал ошол чек арадан мамлекет башталат. Эки өлкө тең өз территориясы кенен жана бекем болуусун каащ. Бирок талаш болуп жаткан жер бул кесилишкен жер тилке болгондуктан эки өлкөгө тең кыйынчылык туудурууда.
-3
Migrant-rf
2020-01-10 19:45:27
Без толк сүйлөшүүлөр, буга окшогондон далайы болду, баары эле жыйынтыксыз мусор жолугушуулар.
+1
aziret-92
2020-01-10 19:47:20
Мен чек ара жонундо билгенден бери эки олконун делегаттары жылына кеминде экиден ирет жыйынтыгы жок жолугушуу кылышат.А чек арабызда мурдагы эле корунуш.Чек арага жакын жашаган жашоочуларга Кудайым куч-кубат,мыкты ден-соолук берсин.
+1
Alimbek1000
2020-01-10 20:46:41
Мен биогенден Баткендеги чек ара чыры Мадумаров тажиктерге берип койгон жердин айынан болуп жатат. Бир гана МАДУМАРОВ КҮНӨӨЛҮҮ!
-1
Kyrgyz-aiym
2020-01-10 23:33:50
Метро курууну коюп, шаан шоокотту жыйыштырып ушул чек араны тактагылачы кагылайын президент баш болгон атка минерлер!!! метросу жок жашай беребиз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан