Чек ара коомдук бирикмеси: "Тажик тараптын үйдү өрттөөдөгү максаты жергиликтүү калкты коркутуп, бул аймактан жок кылуу болгон"

"8-майда Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Чек тилкесинде Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирилип, Кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлгөн", - деген билдирүү Чек ара коомдук бирикмесинин социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыяланды.

"Чек арага чектеш деп айтылган дубал бир нече жерден тешилип, алдын ала даярдык көрүлгөн. Бул дубал мурда Кыргыз Республикасына караштуу болчу. Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын башында ушул эле айылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын үйлөрүн өрттөө аракеттери ишке ашпай калган болчу. Бул сапар ишке ашты. Үйлөрдү өрттөгөндөрдүн негизги максаттары, жергиликтүү калкты бездирип, коркутуп, бул аймактан көчүп кетишин камсыздоо жана экспансиялык саясаттарын жүргүзүү болуп эсептелет. Өрттөлгөн үйлөр жана талашылып жаткан жерлер расмий маалыматтар боюнча Кыргыз өлкөсүнө караштуу болгонуна карабастан, Тажикстан тарап өзүнүкү деп жарыялоодо. Кайсы документтерге таянып жатышат?

Кыргыз мамлекетинин жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматка толук ээ болбой туруп, өзүбүздүн жерлерибизди "Талаш жер", "Тажикстан өзүнө караштуу деп айтып жаткан жерлер" сыяктуу жоопкерчиликтен, мекенчилдиктен жана профессионализмден алыс сөздөрдү колдонуп келишүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбековду, Куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы катары активдүү фазага өтүшүн талап кылабыз", - деп айтылат маалыматта.

"2019-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылынын мектебин Тажикстан миномёт менен атканда Кыргыз Республикасынын өкмөтү эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, Таласта көчмөндөр оюнун уланткан эле.

8-май күнү Көк-Ташта чек арачыларыбызды жана жарандарыбызды жарадар кылган Тажикстан миномёт колдонду.

Бирок камырабаган бийлик 9-майда асманга салюттарды аттырды. Бийликте улуттук биримдик деген түшүнүк жокпу?" - деп кошумчалады аталган бирикменин мүчөсү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
miki87
2020-05-10 18:54:45
Биримдик жоктугу чын дагы намыс жок. Бензин ташыган бизнесмендердин жолун тоскулары келбейт же коркот. Биз тажиктерден коз каранды эмеспиз границаны толук жаап салып элчини Бишкеке чакыртып мамилени токтотуш керек эле. Кудай сактасын ошол жаш жигитер олуп калчу болсо бийликтегилер керт башы менен жооп беришет. Эмнеден коркосунар кыргыздын жигитери жанын беруго даяр . Саясий эркту бийлик качан келет?
+9
ika8086
2020-05-10 18:59:20
Бийлик эмнеге ун катпай бул кырдаалга реакция жасабай,кормоксон,укмаксан болуп атат.Так ошол жерге бийликтегилерди отурукташтырыш керек,Бишкекте эмне бар окмотко....барсын чек араларга жакын жерлерде ар бир окмоттун окулдору офис ачышсын
+5
Samatalibei
2020-05-10 19:10:22
Бийлик масала эмне? Кантип чечиш керек жолун билбей бир аз чыдагыла деген сөздөн башка. Айласын таппай калды.
+5
kyrgyzka7
2020-05-10 19:17:29
Бийликтин колунан эч нерсе келбейтго!Оа ошо куну ар саат сайын чек ара не болду деп сонку кабарды карай берип козум торт болду,эч нерсе болбогондой эле кунду откозушту.Чондор озудору тынч олтурса болду,акча тушуп турса.Мамлекет учун иштеймин деген жан жок!
+4
JaneEr
2020-05-10 19:18:56
Документ боюнча биздики болсо,тажиктерди кочукко теппейби.Эмнеден коркот?
+5
kyrgyzka7
2020-05-10 19:20:25
JaneEr,Биздикилер тымпыйыыып отурганына караганда,ал жерди да сатып ийдиби деген ой келет
+3
natasha00
2020-05-10 20:14:52
kyrgyzka7,Биздин Кыргыз Эли качан бири бири менен ынтымактуу болмойун сайын чёт жактагылар тийише берет.Ошондуктан 1чи орунга биримдик ынтымак болушу керек! Анан бул Таджиктерге айтаарым Кыргыздар силер ойлогончолук эмес, Кыргыздын уйун орттосон эле коркуп калбайт!
+2
Alixan-Nookat.2015
2020-05-10 20:04:16
Тажиктер менен чек араны жапсак эөе алар чөгөлөп келмек, ага биздин чоңдордун эрки жетпей жатат бизде жолдору көп аларды колдонбой жатат чоңдор.
+2
nurali1989
2020-05-10 21:28:47
Ушу Тажикстан жакты, Кыргыз эли жана ар бир жаран счет ачып 10 сомдон которуп эле бетондоп таштайличи. Тойгузушту ушулар. Баткенге кирип еле келе жаткандай сезилип жата
+3
tina-Tin
2020-05-11 00:43:41
Бийликтен катуу талап кылбасак болбой калды. Абал туруктуу дегенден башка эч нерсе колунан келбейт окшойт. Супер инфо элдин атынан кунсобол берип коргулочу ошолорго. Чыдамы бутту элдин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан