Биз социалдык тармакта

"Данияр Үсөнов Беларуска 700 миллион доллар инвестиция кылды. Кыргыз бийлиги анын акчаны кайдан алганына кызыгып койгон жок" дейт Бекназаров

Бүгүн, 16-январда саясатчы Азимбек Бекназаров бийликке нааразычылыгы бар экенин айтты. Бул боюнча ал маалымат жыйын учурунда билдирип, нааразычылыгы өлкөдөн качып кеткен мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен байланыштуу экенин белгиледи.

Ал президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

"Данияр Үсөнов Беларуста Даниил Урицкий деп аты-жөнүн өзгөртүп алган. Өмүр бою камакка алынган адам Данияр Үсөнов 700 миллион доллар инвестиция киргизип, ири объект куруп жатат. Анын бир шериги Бакиевдин небереси.

Өмүр бою камакка алынган бул адам акчаны кайдан алды деп бийлик эмнеге суроо жөнөтпөйт? Башкы прокурор акчаны кайдан алып жатат деп эмнеге изилдебейт, журналисттер жазып жатат, эмне үчүн бийлик реакция кылбайт? Кайда биздин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет, эмне кылып жүрөт? Мейли Курманбек Бакиевди алып келе албасын, Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновду алып келбейби? Эмнеге ушунун баарын иликтебейт? Ал эми Акаевдин беш иши бар да, эмнеге сурак жүргүзүшпөйт? Чет өлкөдө мааракелерин өткөрүп, өлкөнү шылдыңдап жүрүшөт", - деди Бекназаров.

2018-жылы Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы айтылган.

Кыргыздын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kyrgyz_bloger
2020-01-16 14:05:36
Качып кеткен саясатчыларды жазалаштын бир эле жолу бар,киллер жалдап аттырып салыш керек бала чакасы менен ошондо кийинкилерге сабак болот,качсам деле баары бир олтурот экен жакшы иштеп берейин деп.
+10
katerina.li
2020-01-16 15:16:33
Малазияга кетпей калдыбы бул киши??
+1
Tolkun555
2020-01-16 16:04:15
katerina.li,креслону майлап буто элек болсо керек.Китеп жазбай эле койбопсуз.озунуздон башка бироо окубаса керек.и так эле башка китептер окулбай чан басып жатат.Аша да айтып жатты китеп жазып жатам деп.
+6
Jelezo
2020-01-16 18:01:55
Өзү революция болгон сайын баласы экөө байып алышат
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан