Бишкекте кыздардын интернет аркылуу интим кызматынын жеңил түрүн көрсөткөн студия аныкталды. Социалдык тармактарга укук коргоо кызматкерлери вебкам студияга терезе аркылуу кирип, андагы жумушчуларды кармоо операциясы тууралуу видео тарады. Видеонун алдына эки студия аныкталганын, алардын биринде 20 жигит болсо, экинчисинде вебкам моделдер болгон деген билдирүү жазылган.
Бул боюнча Финполдун маалымат кызматынын өкүлүнө кайрылганыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Ушул жылдын 15-январь күнү тийиштүү иш-чаралардын алкагында Бишкектеги эки вебкам студия аныкталды. Операция учурунда кармалгандар суралды. Мындан башка кеңири маалымат бере албайбыз", - деп билдиришти маалымат кызматынан.