Биз социалдык тармакта

Мындан ары ата-энелер уюлдук тиркеме аркылуу балдарынын жүрүм-турумун көзөмөлдөй алышат

Бишкек шаарындагы №24 мектепте 16-декабрь күнү Бишкек мэриясы сунуштаган “Мектеп коопсуздугу” тиркемесинин презентациясы болду. Жыйынга ата-энелер, мугалимдер жана мэриянын өкүлдөрү катышты.

Жыйында тиркемени иштеп чыккан адистер, тиркеменин жакында ишке кире турганын, аны колдонуунун жолдору жана артыкчылыгы тууралуу кенен маалымат беришти.

Аталган тиркеме ушул жылдын январь айынын аягында ишке кирет. Тиркемени ар бир ата-эне уюлдук телефонуна көчүрүп алып, мектепке кеткен баласынын коопсуздугун, жолдо жүрүү эрежелерин, түшкөн унаасын тиркеме аркылуу көзөмөлдөй алат. Эгер кокустук болуп окуучу кырсыкка кабылып же кол салуу сыяктуу кырдаалдарга кабылып калса, дароо колундагы телефону же кол сааты менен ата-энеге белги берилет. Тиркемени ата мекендик IT адистери иштеп чыккан.

Аталган тиркеме тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат технологиялар борборунун жетекчисинин орун басары Адилет Абылов төмөнкүлөргө токтолду.

“Тиркеме ушул айда колдонууга берилет жана аны ар бир ата-эне көчүрүп алса болот. Мындан тышкары, биздин мекеме мэриянын алдындагы башкармалыктар ортосунда документ алмашууну шарттаган жабык байланышты иштеп чыкты. Маалыматтык коопсуздук бүгүн өтө маанилүү”, - деди ал.

Мындан сырткары, аталган тиркеме аркылуу ата-эне баланын кайсы сайтка кирип, кандай маалыматты окуп жатканын биле алат. Мектеп мугалимдеринин айтымында, окуучулар смартфон колдонуп ар кандай сайттарга кирип жатканы кээ бир учурда көзөмөлсүз калууда. Мындан улам адистер жана мугалимдер баланын кайсы сайтка кирип, эмнени көрүп жатканын көзөмөлдөө ата-эне үчүн абдан маанилүү экенине токтолушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Makul
2020-01-17 11:07:36
Эң сонун!!! Акысыз болсо жакшы болмок
+1
Aikaaaa
2020-01-17 12:12:34
Makul,телефонуңуз интернетке туташылган болсо болду да
+1
Snejana
2020-01-17 13:08:54
Жакшы экен. Бирок сигнал сразу келсе жакшы. Кудай сактасын, кокус жагымсыз окуя болуп кетсе дейли, единица жок же ошол убакта интернет иштебей калса эмне болот? Анан дагы азыр мектепке телефон алып келбегиле деп тыюу салып койгондор кантет.
+1
Jasi.jasi
2020-01-17 20:35:05
Эми окуучулар телефондон оз эрки менен баш тартышат го дейм:))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан