"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын бардык кароол пунктунда планшеттик компьютердик текшерүү орнотулду. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдан тартып бардык стационардык кароол пунктунда планшеттик компьютердик механизмдин жардамы менен жасалма мамлекеттик номерлерди, уурдалган унааларды ошондой эле айып төлөбөй жүргөндөрдү, издөөдө жүргөн унааларды аныктоого болот. Мисалы, 5 же андан көп айып пул төлөбөгөн айдоочуга айып пул тууралуу маалымат берилген же берилбегенин планшеттик механизминин жардамы менен билсе болот. Эгер айдоочуга айып пул тууралуу маалымдалган болсо, инспектор унааны 31-берене (эреже бузуу) айып аянтчасына кетирет. Бул долбоор жаңы ишке киргенине байланыштуу инспекторлор учурда айдоочуларга өз убагында айып пул төлөп туруу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.