Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан 30-январга чейин убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан демилге кытай тараптан көтөрүлгөнүн билдиришти.
Кытай Эл Республикасы жаз майрамына карата "Торугарт" жана "Эркечтам" унаа жолунун өткөрүү пункттарын бир аптага убактылуу жабат. 31-январдан баштап өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп баштайт деп жазылат маалыматта.