Биз социалдык тармакта

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген кыз жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан секирген 19 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз бүгүн, 17-январда палатага которулган.

"Кыздын абалы туруктуу, бирок оор деп бааланууда. Ал башынан жана көк боорунан жабыркаган", - деп билдиришти ооруканадан.

Окуянын чоо-жайы:

15-январь күнү саат 19:00 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн 4-кабатынан М.С. аттуу кыз секирип кеткен. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу менен "Тез жардам" кызматы барып, кызды ооруканага алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-01-17 13:28:45
Бироолор бир органын алмаштырыш учун ар кимдин эшигин каккылып ар кимден жардап кутуп эки козу торт.Бироолор минтип оз омуруно кол салат.Аттин аттин аттин....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан