Биз социалдык тармакта

Эртең тоолуу аймактарда кар жаайт! Аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 25-январга чейин өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу билдирүү жасашты.

20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарында жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда күндүз айрым райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт.

21-январда күндүз жана 22-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 22-январда күндүз айрым райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-январда айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз жана 24-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

25-январда түнкүсүн кардын жаашы күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда кар жаайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
titanik32
2020-01-19 19:33:14
Азыр 19:30 Өзгондө жер титиреди очогу кайсыл жер канча балл?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан