Биз социалдык тармакта

"Ортомчуларга алдандык" дешет Түштүк Кореяда иштеп келген мигранттар

Бүгүн, 21-январда "Супер-Медиа" маалымат борборунда Кореяда иштеп келген кыргыз мигранттары Азамат Орозматов, Жанболот Ибраев жана Ишенбек Назаров аттуу жарандар алданып калганын айтып, маалымат жыйын беришти.

Азамат Орозматов 2 миң 600 доллар акчасын ала албай 2 жылдан бери убара экенин билдирди. Айтымында, ал Түштүк Кореядан акчаны 2017-жылы "Кыргызстан" деген кеңсени иштеткен, жеке ишкер Венера Мамбетова деген айымга жөнөткөн. Аталган акчаны Орозматовдун үй-бүлөсү Венера Мамбетовадан алмак.

Анткени алар түз акча жөнөтүү кызматынын пайызы жогору болгондуктан, ортомчу катары Мамбетовага акчасын берип келген.

"Буга чейин эжеге эки-үч жолу акча салып, аны үй-бүлөм алган. Биз алдангандар, көрсө ага ишенип алыптырбыз. Ал негизи башында ишенимге кирүү үчүн ушул ыкманы колдонот экен. Бизге ал укмуш мекенчил көрүнгөндүктөн, ал айымга ишенип алганбыз. Алар Түштүк Кореяда жүргөн Кыргыз жарандарына өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жарнамалап, акча жөнөтүү кызматтарын сунуштап келген. Акча бербей жатканынын себебин сурасак, "менин башыма оор күн түшүп калды, текшерип келишип, акчамды алып койду" деп шылтоо айтып жатат. Мен акча которуудагы кызматтын пайызынын төмөндүгүнө кызыкканмын, анын үстүнө ал ар кандай иш-чараларды уюштуруп, ишенимге дагы кирген болчу.

Биз мисалы,2 миң долларды өзүбүз банк аркылуу которсок кызмат үчүн 100 доллар төлөйбүз. Ал эми ортомчуга салсак 30 гана доллар төлөмөкпүз, 2 миң доллар үчүн. Ошол себептен биз пайыздын төмөндүгүнө кызыкканбыз. Азыр андан кантип акчабызды өндүрүүнүн айласын таппай, убарабыз. Ал акчасы болсо деле бизге бербей жатат, чет мамлекеттерге чыгып эс алганын көрүп жатабыз. Бирок биздин акчабызга келгенде ар кандай шылтоолорду айтууда", - деди Орозматов.

SUPER.KG порталы бул боюнча экинчи тараптын да билдирүүсүн жарыялайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ernestinio
2020-01-21 11:31:37
элдер озу ушундай, алган акчасын акчасы болсо деле бергиси келбейт. Венера Кореянын жаранымын деп ошого ишенип аткан окшойт.
+5
chake
2020-01-21 11:42:49
Кыргыздын душманы кыргыз болуп бири-бирине жакшылык кылбасан да зыянынарды тийгизбегилечи
+6
ruslanz
2020-01-21 11:52:08
Жалпы эле чет олкодо кыргыздарды кыргыздар тоноп,алдап кеткен окуялар коп болот.Негизи жаман эле эл болот окшойбуз.Бул жакта деле чондорубуз ж.б тоноп атышпайбы.
+6
Saliman
2020-01-21 16:10:20
Эгер чындап алдап кеткен болсо тешип чыксын Венераны.Бироонун АК эмгек,бешене тер менен тапкан акчасын ортодон жеп кеткен туура эмес тешип чыксын
+2
Patoshik1
2020-01-21 16:43:31
Озунор "винаватныйсынар" 70доллар тологунор келбей 2000 минден кол жуудунар.Акчанды бироого ишенбе эч качан. Олуам кетсин шо 70 доллар деп озун эле которуп салсан бовойт беле а))?
0
gulya583
2020-01-22 03:11:38
Мен билгенден Кореяда, айрыкча Венерага окшоп тайрандап жургондор, гражданство алгандар. Кобу динин сатып башка динге отуп кетишкендер акча учун. Динин саткан адам кайдан мекенчил болуп калсын. Алдандынар, билбейм эми ала аласынарбы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан