Биз социалдык тармакта

Депутат: "Мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы боюнча Тартип комиссиясы тийиштүү чараларды көрүшү керек"

"Мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы боюнча Тартип комиссиясы тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

"Өткөн жылдын соңунда мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясына Жол коопсуздугу кызматы тарабынан протокол толтурулган. Судья сотко протоколду жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылыптыр. Эми ошол мас судьянын арызын анын кесиптеши караганы жатыптыр. Карга карганын көзүн чокумак беле, ишти андан алып, калыс чечүү үчүн калыс жолдорун караштыруу зарыл. Жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери ишти башка сотко берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок ал четке кагылып калды. Эгер сот протоколду жокко чыгарып салса, анда мындан ары жол коопсуздугун одоно бузган судьяларга протоколдор толтурулбай калат. Бул маселе боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы тийиштүү чараларды көрүшү керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2020-01-23 11:05:21
соттор эски заман бүттү көзүңөрдү ачкыла өткөндө бирөөңдү иштен айдаганы аз келгенсип эми сени да айдаш керек окшойт сыягы
+5
Jaznura
2020-01-23 11:07:15
Сот реформасы акырындан жылып жатат деп эсептейм. Мурдагыга караганда элдерден акыйкатсыз чечимдер чыгып жатат деген арыздар азайып баштады. Сот реформасын мындан дагы ылдам жүргүзүш керек.
-3
Absamat-90
2020-01-23 11:08:18
Судья болобу, депутат болобу ал рульга отурган сон ал жонокой эле айдоочу, кабинетине киргенде гана сот болот. Ошондуктан айдоочу катары жоопко тартылуусу керек. Ал судья болуп торолгон жок да.Мыйзам баарына бирдей.
+6
elchi84
2020-01-23 12:44:44
Эми жонокой жарандар дагы маи кызматкерлерине бай ийбей калышат.
+1
madina.87
2020-01-23 12:49:00
Ушуну мамлекеттик денгээлде чечим кабыл кылсын, жооп берсин эми сот айымча
+1
4ika1989
2020-01-23 15:04:28
Эң туура сөздү айтыптыр, карга карганын көзүн чокумак беле? Башка сотторго сабак болуш үчүн ошол Сотту жумуштан алыш керек, эгер адамдык сапаты болсо өзү эле кетип калса туура болмок балким,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан