Биз социалдык тармакта

Депутат агрардык багытка канча насыя алынганын сурады

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова акыркы жылдары агрардык багытка канча насыя алынганын сурады.

Финансы министринин орун басары Суеркул Абдыбалы тегин 1992-жылдан бери айыл чарба тармагына 1 миллиард долларга жакын каражат алынганын айтты. "600 миллион доллар насыя түрүндө, калганы грант түрүндө берилген. 2019-жылы айыл чарба багытына насыя алынган эмес", - дейт ал.

Депутат 1992-жылдан бери 1 миллиард доллар алынса, айыл чарба тармагы өнүгүп кетиши керек болчу деген пикирин айтты .

Жыйында “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан