Биз социалдык тармакта

Контейнер мектеп чуусу эстен чыга электе Нарында чычкан жеп салган мектеп бар экендиги айтылды. Директору эмне дейт?

Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектеби кышында суук болуп, окуучулар муздак мектепте окуп жатканын бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңеште депутат Жылдыз Мусабекова айтып чыкты.

Анын айтымында, мектеп жеңил конструкция менен салынгандыктан чычкандар жылытуу үчүн коюлган айнек ватаны жеп салган.

"Кышында суук, жайында чычкан сасыйт. Мен бул маселени карап көрүүнү сунуштайм", - деди депутат.

Ал эми SUPER.KG порталы аталган мектептин директору Акылбек Жапановго байланышып, мектептин учурдагы абалын сурады.

"Бул мектеп 2006-жылы эксперименталдык негизде салынган. Азыркы убакытка карата анын мөөнөтү бүткөн. Жаңы салынышы керек. Мектеп азыр суук, бирок биз окуучулардын окуусун үзгүлтүккө учуратпастан колдон келишинче жылуулатып жатабыз. Ооба, жылытуу үчүн коюлган айнек ватаны чычкандар жеп жатат. Бизге келген маалыматтар боюнча жаңы мектеп салуу 2021-жылдын бюджетине кирди", - деди мектеп директору.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2020-01-23 16:59:25
мындай кооз мектепке жетпегендер канча бул чисто директордун шалакылыгы деп ойлойм
-6
Jaznura
2020-01-23 17:01:57
Эң маанилүүсү балдардын билиминин сапаты.
-4
adiaza
2020-01-23 17:17:25
Стекло ватаны чычкан жебейт бул жон эле шылтоо
-4
Altyn.bala
2020-01-23 17:29:28
adiaza,Ачка болсо чыякан баарын жейт
+1
katerina.li
2020-01-23 18:18:32
2006 жылкы мектеп болсо жаны эле мектеп ко. 50-60 жылдык тарыхтары бар мектептер барго бизде
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан