Биз социалдык тармакта

Кардын калың жааганына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жол тыгыны жаралды

Кардын калың жааганына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жол тыгыны жаралды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук жол кыймылынын кызматкерлери тарабынан тыгындар жоюлду. Учурда жеринде №23 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тынбай иш алып барууда. Ага карабастан аба ырайынын өтө суук болгондугунан жолдогу кардын ээришине кыйынчылык тудурууда.

Ошол себептен бүгүн саат 17:00дөн баштап Бишкек - Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык посттунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2020-01-25 08:16:07
Бул жердеги МАИ бироо менен учурашып жатабы? Жол козомолун ондобойбу. Бироого кол которбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан