Өлкө аймагында өндүрүлгөн аракка болгон баа жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баа белгиленгендигин билдирет.
Минималдык баалар төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген. "0,5 литр даяр продукцияны дүң сатуу 2020-жылы 103 сомду түзөт мурун бул сумма 81 сом болгон, 2021-жылы – 114 сомду, 2022-жылы – 125 сомду жана 2023-жылы – 136 сомду түзөт. 0,5 литр даяр продукцияны чекене сатуу 2020-жылы – 112 сом, мурун бул сумма 90 сом болгон. 2021-жылы – 123 сом, 2022-жылы-134 сом, ал эми 2023-жылдан баштап - 145 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.