Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн Кыргыз-Индия мамилелери өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыкканын белгилеп кетүү өзгөчө жагымдуу, буга эки тараптын жигердүү эмгектенгени негиз болду. Бул өнөктөштүк кызматташуунун алдыга карай өнүгүшүнө жана жаңы багыттарды издөөгө, эки тараптуу өз ара аракеттешүүнү мындан ары жылдыруудагы натыйжалуу механизмдерди бекемдөөгө жардам берет деп ишенем", - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.