Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери таңкы саат 04:00дө башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын жолдоруна 199 тонна техникалык туз себилди. Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч штаттык режимде иштеп жатат. Тротуарлар муз, кардан тынымсыз тазаланып турат.