Социалдык тармактарда чоң энесинин пенсиясын санап отурган баланын видеосуна колдонуучулар жылуу пикирлерин жазышууда.
Видеодо бала чоң энеси менен чогуу жашоонун артыкчылыгын айтып, анын пенсиясын санап отурганын көрүүгө болот.
"Энем менен жашаган зор да. Энемдин пенсиясын алып келип, жыргап отурам. Туугандар, сиздерге пулдун бир насыятын айта кетейин. Пулду жоготуп албаңыздар. Ал үчүн мындай санаңыздар", - деген бала акчаны кантип туура саноо керектигин көрсөтөт.
Ал эми артында отурган чоң энеси небересинин кылыгына жылмайып, кубанып турганын көрүүгө болот.
Соцтармактын колдонуучулары чоң эне менен неберенин жылуу мамилесине суктанып, жагымдуу пикирлерин калтырышууда.