Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда журналисттерге билдирди.
"Азаттыктын" иликтөөсүн көрдүк. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Эң негизгиси бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш сыртта калбай депутаттык комиссия түздү. Комиссия өздөрүнүн ишин баштап, кыска мөөнөттө текшерүү иштерин аяктайт. Искендер Матраимов комиссиянын курамынан чыга турганы боюнча өзү билдирүү жасады. Депутаттык комиссиянын чечимин күтөлү", - дейт Жумабеков.
21-ноябрь күнү "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялады. Иликтөөнүн алгачкы бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан эле. Резонанс жараткан иликтөөнүн уландысы "Азаттыктан" тышкары, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргыз өлкөсүндөгү өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттиги менен биргеликте жүргүзүлгөнү жазылган. Иликтөөнүн бул чыгарылышында эң негизги маалымат "Азаттыктын" маалымат булагы Түркияда 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити өзү болгону болду.