Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Талас мамлекеттик гезитинин редакциясы бөлүнгөн каражатты премияга коротуп жиберген" дейт министрлик

Таласта "Манас ордо" жана "Талас турмушу" мамлекеттик гезиттеринде иштеген кызматкерлер ноябрь айынан бери айлык ала электигин окурман Элдик кабарга билдирген.

Маяна эмнеге берилбей жатканын билүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине байланыштык. Министрликтин маалымат катчысы редакциялар медиа борбор болуп түзүлгөнүн айтып, буларга токтолду.

"Маяна ала элек кызматкерлердин акчасы февраль айында жаңы түзүлгөн медиа борбор тарабынан берилет. Айлык акынын берилбей калганынын себеби, редакция 2019-жылга бөлүнгөн каражатты премияга коротуп салган. Дайыма жыл башында редакциянын бюджети бекитилип, каражат бөлүнөт", - деди маалымат кызматынын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан