24-январда Орусияда 10го жакын Кыргыз жараны укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалганы айтылган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү кармалгандардын айрымдары бошотулганын айтат.
"Элчиликтин өкүлү кармалгандардын укугун коргоо максатында жерине барган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында айрым жарандар коё берилген. Ал эми Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган айрым жарандарга 48 сааттын ичинде жергиликтүү соттун чечими чыгат", - деп жазылат маалыматта.
Элчилик ар бир Кыргыз жараны Орусиянын аймагына катталуу үчүн өзүнүн гана документин берүүгө чакырып, ортомчулардан этият болууну эскертет.