Биз социалдык тармакта

Дайынсыз болуп туугандары тарабынан изделген Кыргыз жараны Москвадан табылды

Туугандары тарабынан дайынсыз болуп изделип жаткан Кыргыз жараны аман-эсен табылды. Ал Москвада иштеп жүргөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Социалдык тармактарда Баткен облусундагы Кадамжай районунун 27 жаштагы У.Д. аттуу тургуну жумушка деп чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегени тууралуу маалымат тарап, издөө жарыяланган. Ал 16-январдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

"Издөө иштерине катышкан жарандар Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө дагы кайрылышкан. Мындай билдирүүдөн кийин изделип жаткан жаран Москванын Подольск шаарына иштеп келүү үчүн кеткендиги аныкталган. Аталган аймакта мобилдик байланыш жок болгондуктан, изделип жаткан жаран туугандарына байланышка чыкпай жүргөн. Ал бир нече күн иште болуп, изделип жатканын жумуштан келгенден кийин билгенин айткан", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
guard
2020-01-28 08:37:59
ХХХХ, айтып анан кетпейсинби, артынан туугандарынды издетпей, убара кылып...
+1
joolugushchuukundorbar
2020-01-28 09:01:10
Азыр жердин түбүнөн да байланышка чыкса болот. Акмак экени айтбаса да белгилүү да. Соо адам айылдан жумушка деп чыгып Россияга кетип калбайт да. Чооң эле киши болсо да ой жүгүртүү нөл турбайбы, жакындарын издеттирип!
+1
PROS
2020-01-28 11:14:33
joolugushchuukundorbar, мен жайында командировкага бардым эле, жердин түбү эмес бактын башына чыгып да байланышка чыга албай койгом эки жума ичинде. Кээ бир жерлерде байланыш жок чындыгында.
-1
Dembele84
2020-01-28 10:49:58
Подольскто байланыш норма иштейт,жон эле урдуруп коюптур,тапкан шылтоосу ошол болуптур да...
0
Jelezo
2020-01-28 11:47:10
Туура болсо керек Россияда чоң шаарлардан 10,15 км дан кийин байланыш начар.Бизде байланыш жакшы кокту колотон бери ала берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан