Бишкек шаарында жайгашкан СИЗО-1 жана №47 абак шаардын сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын орун басары Аскат Эгембердиев билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы абактар шаар четиндеги Молдовановка жана Петровка айылдарына көчүрүлөт.
"Шаар ичиндеги №27 жана №31 абактар №8 түзөтүү абагына көчүрүлөт. Ошондой эле 2020-жылы мүмкүн болгон жана түзөтүү абактарындагы соттолгондорду жумуш менен камсыз кылуу бул жылдын негизги планы", - деди Эгембердиев.